Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун иш планын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министрлердин тескеген тармактары: реалдуу сектор, экономика, социалдык чөйрө, укук коргоо органдары боюнча отчёттору угулганы айтылат.
Өкмөт башчы бир катар багыттар боюнча иштин жакшыруусуна карабастан, министрликтердин жана ведомстволордун иш планында жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке пландарында көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу жетишсиз деңгээлде экенин баса белгилеген.
«Өкмөттүн планы – бул абстракттуу документ эмес, ал түшүнүктүү жана айкын болушу керек. 2019-жылы министрликтердин жана ведомстволордун иш планына чечүү үчүн 473 тапшырма киргизилген. Динамика көрсөткөндөй, белгиленген милдеттердин жарымы жыл аягына карата аткарылган. Бул тапшырмалардын көпчүлүгү тезинен аткарылганын айтып турат. Албетте, бул коюлган максаттарга жетүүнүн сапатына таасирин тийгизет. 473 тапшырманын кайсылары жарандарга пайда алып келгенин талдап чыгуу керек. Көптөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери натыйжасында жарандарыбыздын жашоосун жеңилдеткен демилгелерди талдап чыгуусу зарыл. Ошондуктан биз абстракттуу пландарды жана тапшырмаларды түзүү тажрыйбасын токтотушубуз керек. Биз алдыбызга түшүнүктүү, конкреттүү жана практикалык максаттарды коюуга тийишпиз», - деген Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчынын пикиринде, планды бекитүүдөн мурда тигил же бул тапшырма кандай аткарылып, кандай конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө шарт түзөрүн терең талдоо кажет.
«Бул жыл биз үчүн абдан маанилүү. Биз 2018-жылдан бери жүргүзгөн системалуу ишибиздин жыйынтыгын мамлекеттин экономикасында жана кирешесинде көрсөтүшүбүз керек. Буга байланыштуу биз коюлган милдеттерге жетишүү үчүн ишти максималдуу түрдө мобилизациялоого тийишпиз. Тигил же бул жетекчини жазалоо максат эмес, биз анын ишинин конкреттүү жыйынтыгын алышыбыз абзел. Биз салыктык процедураларды фискалдаштыруу принциптерин киргизүүдөн жана мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуудан жакшы натыйжага жетишебиз деп турабыз. Муну менен бирге балдарды коргоо иштери күчөтүлүп, аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү иш-чаралары улантылат», - деген Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле акыркы эки багыт боюнча ар бир министрликтин жана ведомствонун, ошондой эле Өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнүн жана район башчыларынын ишине баа берилерин баса белгилеген.