Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт чек ара маселесин жабык кароону сунуштады. Бул сунуш добуш берүүгө коюлду. Жыйынтыгында "макул" деп 99 депутат добуш берди.
Учурда аталган маселе жабык эшик артында каралып жатат.
Буга чейин чек ара боюнча маселе 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жабык эшик артында каралган.