Жеңиш Разаков Момбековдун "өкмөт кутуруп кетти" деген сөзүнө кошулбай турганын айтты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков депутат Рыскелди Момбековдун "өкмөт кутуруп кетти" деген сөзүнө кошулбай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-январда журналисттерге билдирди.

"Мен эмне үчүн чек ара боюнча митингге эл акчага чыкты деген сөздү айттым. Көк-Ташта, Орто-Боздо мага караштуу элдер аябай көп. Алар мага атайын унаалар митингге эл чогултуп жүргөнүн айтышты. "Эртең Бишкек шаарында митинг болот, барам дегениңер чыккыла, барып-келишиңер, ошол жакта жашаганыңар, тамак-аш бекер, колуңарга акча беребиз" деп айтылганын мага билдиришти. Кудайга шүгүр, Көк-Таштан бир дагы адам митингге келген жок. Ал жакта Баткен районунан адам болгон жок. Лейлектен 4-5 адам келген экен", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан