Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Өкмөттүн өкүлү мугалимдерге "галстугуңар жок" дегенди жакшы жолдор менен айтса болмок". КҮНСОБОЛ

Социалдык түйүндөргө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун мугалимдерин "галстугуңар жок" деп сындаган видеосу тараган. Анда ал мугалимдер менен жолугуп жатып, мугалимдер окуу жайда студенттерге үлгү болуп жүрүшү керектигин белгилеген. Бул сөзү үчүн Акрам Мадумаров коомчулукта сынга кабылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү мугалимдерге карата "галстугуңар жок" дегени коомчулук тарабынан сынга алынып жатат. Галстук эмнени чечет?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев өкмөттүн өкүлү мугалимдерге "галстугуңар жок" дегенди жакшы жолдор менен айтса болмок деген пикирде.

"Бүгүнкү күндө мугалимдердин айлыгы галстук, кийим-кече өздөрүнүн формасын караганга эмес, комуналдык төлөмдөрүн төлөгөнгө, турмуш-тиричилигин чечкенге да жетпейт. Бирок ошого да кайыл болуп иштеп үй-бүлөсүн багып жатышат. Баткен облусунда элдин жашоо-турмушу татаал. Эмгек акыга кошумча айлык каралбайт. Элдин жашоо деңгээли жакшы эмес. Алардан көп нерсени талап кылган болбойт. Албетте, мугалим үлгү болуп кийинип жүрүшү керек. Бирок өкмөттүн өкүлү бул сөздү жакшы жолдор менен айтышы керек эле", - дейт Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан