Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат “иш жашыруун” деген шылтоо менен маалымат бербей, Коопсуздук кеңештин чечимдерин аткарбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Коопсуздук кеңештин жыйынында резонанстуу иштер боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялап туруу каралганын эскертти. “Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымат берип жатат. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат болсо “иш жашыруун” деген шылтоо менен маалымат бербей жатат. Маалымат каражаттарына эмнеге маалымат бербей жатасыңар? Силердин ишиңер ИИМ, УКМКдан да жашыруунбу?”, - деди президент.