Президент Коопсуздук кеңештин санариптештирүү боюнча чечимин аткарбагандарга чара көрүлө турганын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин санариптештирүү боюнча чечимин аткарбагандарга чара көрүлө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин жыйынында билдирди.

Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге "Түндүк" системине кошулбаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине чара көрүүнү сунуш кылды. “Коопсуздук кеңеш санариптештирүү боюнча чечим кабыл алган. Санариптештирүүнү ишке ашырбаган жетекчилер, баарыңар айыл өкмөткө чейин жооп бересиңер. Санариптештирүү мамлекеттик кызматкер менен жарандардын ортосундагы коррупцияны жоюп, аны жок кылат”, - дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан