Коопсуздук кеңеши Экотехинспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан бошотууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттерге билдирди.
Ошондой эле ал өкмөткө Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары кабыл алган чечимдерин аткарбаганы үчүн тийиштүү мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүү сунушталганын айтты. Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго жана анын эки орун басарына катуу сөгүш берүү сунушталды.
Бүгүн жыйында президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын аягында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери коррупцияга шектелип кармалганы боюнча сындады.