Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин жыйыны өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун сот залынан бошотулганы боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Сотту сындады. Ал бул боюнча ага сөз тийип жатканын айтты.
Насирбек Алмаматов 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери тарабынан унааларды каттоо, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык иштерди түзгөн деп айыпталган. Октябрь райондук соту Алмаматовду 12 жарым жылга эркинен ажыратып, андан кийин Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен Алмаматовду бошоткон. Андан кийин Октябрь райондук соту Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечиминин үстүнөн арыз жазган. Жогорку Сот 2019-жылдын 30-октябрында бул ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимин жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Андан соң ага издөө салынган.
SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйында "коррупцияга шектелип соттолгон Насирбек Алмаматов жогорку жактан буйрук берилгени үчүн сот залынан бошотулду, эл президенттен буйрук берилди деп ойлоп калды" деп прокуратура менен сот бийлигин сындады. Өлкөдө президенттик кызматтан жогору жак барбы?" деген собол салды.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президент Сооронбай Жээнбеков Насирбек Алмаматов акча менен бошотулган деп ачык айтса болмок деген пикирде.
"Жээнбеков Алмаматовду бошотуунун артында бирөө турат, анын бошотулушуна кызыкдар адам бар деп айтты. Бул жерде президент прокурорлор менен соттор өздөрү коррупцияга малынып жатса, ал акча менен эле бошотулуп кетти деп ачык айтса болмок. Мамлекет башчы прокуратура, сотко коррупцияга каршы күрөшкүлө деп айтып жатат. Соттогу жана прокуратурадагы коррупция менен ким күрөшөт? Ошол жердеги коррупционерлерди тазалаш керек. Таза адамдар келгенден кийин гана алар башка чөйрөдөгү коррупционерлер менен күрөшөт эле. Коррупционерлер кантип коррупцияга каршы күрөшмөк эле?" - дейт Сооронкулова.