SUPER.KG порталы "Бейтап рак менен күрөшөбү же гепатит мененби?". Өлкөдө өмүргө зарыл жабдуу жок" деген аталыштагы иликтөөнү даярдаган. Анда ата-энелер онкологиялык ооруга кабылып дарыланып жаткан балдар гепатит С дартын жуктуруп алышканын айтып беришкен. Тилекке каршы, редакцияга кайрылган ата-энелердин балдары көз жумган. Балдар онкологу Султан Стамбеков өткөн жыл ичинде онкологиялык балдар борборунда 200дөн ашык бала дарыланып, алардын ичинен 11и гепатит С илдетине да кабылганын айтты.
Биздин редакцияга кайрылган ата-энелер жана активисттер буга канды залалсыз кылган ПЦР аппаратынын жоктугу себеп болуп жатканын белгилешет. Активисттер "Качанкыга чейин бейтаптар чет өлкөгө барып дарыланууну улантат?" деп да суроо салып, саламаттыкты сактоо тармагындагы бул маселелерди чечүү керек деген талаптарын айтышкан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "SUPER.KG иликтөөсүндө чагылдырылгандай, онкологиялык илдетке кабылгандар ПЦР аппаратынын жоктугунан улам гепатит С илдетин жуктуруп алып жатканы айтылууда. Өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу сизди канааттандырабы?" деген собол салды.
Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жооп берип, өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу аны канааттандырбай турганын билдирди.
"Бул тармакка элдин эле нааразычылыгы канча? Канча деген жарандарыбыз чет өлкөгө барып дарыланып келүүгө мажбур болуп жатышат. Бул жаатта калкты жетиштүү тейлей албай жатат да. Көптөгөн иштер аткарылган жок, абдан аксап турган тармагыбыз десем болот. Мындан улам мени өкмөттүн медицина жаатындагы иши канааттандырбайт", - деди Икрамов.