Бишкек шаардык сотто Насирбек Алмаматовдун иши боюнча экинчи инстанцияда иш алып барган прокурор Р.Б. кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун экинчи инстанциядагы ишин караган прокурор Р.Б. ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.
Өткөн аптанын 24-январында Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун бошотулушу боюнча маселе көтөрүп, "былтыйып отурасыңар" деп прокурорлорду сынга алган.