SUPER.KG порталы "Бейтап рак менен күрөшөбү же гепатит мененби?". Өлкөдө өмүргө зарыл жабдуу жок" деген аталыштагы иликтөөнү даярдаган. Анда ата-энелер онкологиялык ооруга кабылып дарыланып жаткан балдар гепатит С дартын жуктуруп алышканын айтып беришкен. Тилекке каршы, редакцияга кайрылган ата-энелердин балдары көз жумган. Балдар онкологу Султан Стамбеков өткөн жыл ичинде онкологиялык балдар борборунда 200дөн ашык бала дарыланып, алардын ичинен 11и гепатит С илдетине да кабылганын айтты.
Биздин редакцияга кайрылган ата-энелер жана активисттер буга канды залалсыз кылган ПЦР аппаратынын жоктугу себеп болуп жатканын белгилешет. Активисттер "Качанкыга чейин бейтаптар чет өлкөгө барып дарыланууну улантат?" деп да суроо салып, саламаттыкты сактоо тармагындагы бул маселелерди чечүү керек деген талаптарын айтышкан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "SUPER.KG иликтөөсүндө чагылдырылгандай, онкологиялык илдетке кабылгандар ПЦР аппаратынын жоктугунан улам гепатит С илдетин жуктуруп алып жатканы айтылууда. Өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу сизди канааттандырабы?" деген собол салды.
Суроого рак менен күрөшүп жаткан балдарга жардам көрсөткөн Биринчи балдар хосписин негиздеген Динара Аляева төмөнкүдөй жооп узатты:
"Силер абдан чоң көйгөйдү көтөрүп чыктыңар. Мен балдар онкологу Султан Стамбековдун пикирин колдойм, бул көйгөй тууралуу 2015-жылдан бери айтып келе жатабыз. Анда биз депутат Айсулуу Мамашева менен чогуу Орусиядагы Дмитрий Рогачев атындагы илим изилдөө борборуна барганбыз. Бул борбор балдардын онкологиялык ооруларын изилдейт, ошол эле борбордо донорлор берген канды да залалсыз кылышат.
Биздин өлкөдө болсо гепатит оорусун жуктуруп алуу кечээ эле башталган жок. 2008-жылдан бери эле ушул көрүнүш уланып келе жатат. Эгер бул маселе кечээ же бүгүн жаралса, анда дарыгерлерди күнөөлөсөк болот эле, бирок бул систем он жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жатат да. Демек ыкманы, системди, иш алып баруунун жөнүн өзгөртүү керек.
Албетте, ата-энелер балдарын жоготкондон кийин күйүттөн дарыгерлерди күнөөлөшөт, ал эми дарыгерлер бар болгон жабдуу менен иштешет. Алар гепатит кайдан жугуп калгандыгын аларга далилдеп отура алышпайт да, дарыгерлерде ага убакыт да жок, башка бейтаптарды карашы керек.
Өткөн жылы балдар онкологиясынын дарыгерлеринин баары Кан борборуна барып, гепатит дарты тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Дарыгерлер жеке өздөрү Кан борборундагы бул иш менен кантип күрөшөт? Ата-энелер дарыгер баарына көз жумуп, эч кандай жардам бербейт деп айтышат. Андай эмес, дарыгерлер деле өздөрү карап жаткан ар бир бала үчүн санаа тартышат, ойлонушат, анын айыгып кетишин каалашат. Бирок балдар чарчап калгандан кийин дарыгерлер көрсөткөн бардык жардамдары тууралуу ата-энелер айткылары келбейт. Дарыгерлер бейтапты ойлоп, түнү менен үйүнө кетпей ооруканада түнөп калган да күндөр болот. Объективдүүлүк үчүн дарыгерлердин аракеттерин да айта кетиш керек.
Кан борборуна барганда биз да суроо салдык, эмнеден улам гепатит жугуп калып жатат, эмне үчүн канды нурландыруучу жабдуу жок деп. Ал жерден бизге "биз бюджетке муну киргизип жатабыз, тилекке каршы жакынкы күндө эмес, келечекте алабыз" деп жооп беришкен", - деди Аляева.