Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноо иши. Шектүүнүн сотко чейинки өндүрүш иши токтотулган

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган жарандын сотко чейинки өндүрүш иши токтотулган. Маалыматты SUPER.KG порталына Октябрь райондук сотунан тастыкташты.

Бишкек шаарында 2019-жылы 6-майга караган түнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен. 2-сентябрда шектүү катары 24 жаштагы жаран Каракол шаарындагы кафелердин биринде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кечээ, 29-январда Мирбек Атабеков апасын сабап, зер буюмдарын алып, үйүн тоноп кетти деп кармалган кылмышка шектүүнү милиция бошотуп жибергенин айтып, SUPER.KG порталына кайрылган. Айтымында, милиция кызматкерлери шектүүнү негизсиз бошотуп жиберишкен жана буга чейин ал жалпыга маалымдоо каражаттарына тергөө иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн окуя тууралуу ооз ачпай келгенин айтып берген.

Ал эми
Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип жаткан Медет Бейшековдун апасы Жыпаркүл Иманкалиева анын уулу күнөөсүз кыйноого алынганын, тиешелүү тараптарга кайрыла турганын билдирген эле.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан