Милицияга нааразы болгон Мирбек Атабеков: "Апамды сабап, үйүн тоногон деп кармалган кылмышка шектүүнү бошотуп жиберишти"

Бишкек шаарында 2019-жылы 6-майга караган түнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен. 2-сентябрда шектүү катары 24 жаштагы жаран Каракол шаарындагы кафелердин биринде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кечээ, 29-январда Мирбек Атабеков апасын сабап, зер буюмдарын алып, үйүн тоноп кетти деп кармалган кылмышка шектүүнү милиция бошотуп жибергенин айтып, SUPER.KG порталына кайрылды. Айтымында, милиция кызматкерлери шектүүнү негизсиз бошотуп жиберишкен жана буга чейин ал жалпыга маалымдоо каражаттарына тергөө иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн окуя тууралуу ооз ачпай келген.

"2019-жылдын 6-майына караган түнү биздин үйдө чоң кылмыш катталган. Ага тиешелүү шектүү бала кармалган. Буга чейин социалдык тармактарда айтылган пикирлерге жооп кылып, кылмышка шектүү катары кармалган баланы мен кармабаганымды, ага тиешелүү иш милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө экендигин айтып, түшүндүрүп келгем. Анткени менде милиция кызматкерлери ишти таза, ачык-айкын жана туура карайт деген ишеним болгон.

Кылмыш болгон күнү бул окуяны жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ачык айтайын десек, тергөөчүлөр айттырбай коюшкан. Алар бул иликтөө иштерине тоскоолдук жаратат дешкен болчу. Бирок алар бизге эч нерсе айтпай туруп, 2019-жылдын 22-декабрында кылмышка шектүүнү бошотуп жиберишиптир. Менде "Эмнеге алар шектүүнү кармаганда мага кайрылат да, аны бошотуп жатканда кайрылбайт?", "Эмне үчүн кылмыш болуп жатканда аны эч ким билбеши керек?" деген сыяктуу суроолор пайда болууда.

Экинчиден, кылмышка шектүү кармалганда, милиция кызматкерлери "биз кармадык" деп өздөрүн мактаган. Ал гана эмес, алар "бизди мактап кой, жакшы иш кылдык" деп айтканга чейин барышкан. Чынында, менин үй-бүлөмдө мындай окуя болбогондуктан, кичинекей бала жомокто жашагандай эле жашап жүрүптүрбүз. Жеке мен милиция кызматкерлеринин арасында, прокуратурада коррупционерлер бар болгондуктан, ушундай баш аламандыктар болуп, коом оңолбой жатат деп ойлоп калдым.

Мен милиция кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирип, кылмышкер кармалды, Кудай буюрса, калгандары дагы кармалат деген үмүт менен ишеним көрсөтүп келдим эле. Тилекке каршы, ошол кылмышка шектүү бала жаңы жылдын астында эркиндикке чыгып жатат. Алар кылмышка шектүүнү эркиндикке чыгаруунун алдында бизге айтыш керек болчу. Бирок бул тууралуу бизге эч нерсе айтылган жок. Эгер биз элден укпасак, билмек эмес экенбиз. Ал жерде бул окуяга байланыштуу кылмыш иши ачылган. Анткени ошол кылмышка шектүү баланын унаасынан апамдын зер буюмдары табылып жатат. Ал жерде бир эле зер буюм эмес, бир нече зер буюм табылып жатат. Эмне ал кылмышты ачууга далил эмеспи?

Эмненин негизинде коё берип жатканына токтолсок, ал баланын алибиси бар экен. Ошол күнү ал бала Ысык-Көлдө тойдо жүргөнүн чагылдырган видеосу бар экен. Азыркы күнү видеонун даталарын өзгөртсө болот. Тергөөчүлөр деле аны өзгөртсө боло турганын көрсөтүп, айтып дагы беришкен. Бул видеолор боюнча эксперттер барбы десек, Астанада гана бар деп айтышкан. Мен ал жакка чалсам, алар видеону алып келгиле дешкен. Бирок тергөөчүлөр ар нерсеге шылтап, бербей коюшту. Андан бери 3-4 ай өттү, азыркы күнгө чейин ал видеону беришкен жок. Ошондо бул жерде тергөөчү видеого эксперт дагы болуп алдыбы?", - деди Атабеков.

Ал эми Мирбек Атабековдун агасы Нурбек Атабеков "Кылмышка шектүү милициянын коштоосунда уурулук кылганын моюнуна алып, баарын көрсөтүп берген экен. Аны далилдеген видеосъемка учурда жок, бул дагы шек жаратат" деп буларды айтып берди.

"Биздин үй-бүлөдө ушундай окуя болуп, кылмышка шектүү кармалганда милиция кызматкерлери карындашымды чакырган. Андан кийин карындашым милиция кызматкерлери аркылуу кылмышка шектүү жаранга жолугуп, шектүү эмне иш кылганын бүт видеосъемка менен көрсөтүп берген экен. Ал карындашымдан "акчага муктаж болуп, силердин үйдү тоноого кирдим" деп айтып, кечирим сураган экен. Бирок бүгүн ал видео кылмыш иштин материалдарында жок болуп жатат", - деди Нурбек Атабеков.

Атабековдун айткандарына байланыштуу тиешелүү тараптардын жообун алууга аракет кылдык. Бирок бир дагы орган бизге жооп бере алган жок.

Буга чейин Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип жаткан Медет Бейшековдун апасы Жыпаркүл Иманкалиева анын уулу күнөөсүз кыйноого алынганын, тиешелүү тараптарга кайрыла турганын билдирген эле. SUPER.KG порталы жана "Супер-Инфо" гезити бул маселеге байланыштуу экинчи тараптын дагы жообун угууга даяр.


кошулду
Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноо иши: “Кылмышка шектүү эркиндикте“, - дейт ырчы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
chake
2020-01-30 12:27:14
Мирбек даана артист экенсин го сен өткөндө кармалган бала кылмышкер эмес балким башка бирөө жасаган болушу толук мүмкүн деп интервью бердин элего
+3
Mintip-menu-suybo
2020-01-30 13:48:27
Видеонун датасын , ошол бала кимдер менен, кайсы тойдо, кайсы кафеде,кимдин тоюнда, кайсыл жерде жургонун эле акырыын суруштуруп койсонор табылат да... Тойдо кимдер менен журду, суроттору бардыр... Ошолорду эле акырыын териштирбейсинерби... 300 дон ашык адам журот да... Пикетке чыккандарды ар бирин токтотуп карап эле , видеодо ким эмне дегенин, не кылгандарына чейин айтып беришет го... Кандай эле муну аныктай алышкан жок... Ээн чон материал , ошол видео... Колдон чыгарбашынар керек видеону...
+1
Kyrgyz_bloger
2020-01-30 13:52:41
Азыр соттор менен милицияга ишениш жок,Ошто бандитти чыгарды,анан Алмаматов деген коруппционерди бошотуп эми туштон кийин издеп жатышат,кече эле Бишкекте аялдын колундагы сумкасын жула качкан баланы сот уй камагына чыгарды бизде чындык жок акчага сатылмай заман болду.
+7
medet1983
2020-01-30 19:03:08
Уурдалган буюмдур ошол шектуу баланын машинасынан чыкса.Значит ушул бала тоногон да,анан дагы кандай далил керек бул иттерге.Азыр ушундай атактуу адамдар оздорун коргой албай жатса,анда бей бечаралар кантип коргошот.Бизде мыйзам иштебей эле акча иштейт экен да.
+2
boston___
2020-01-30 19:52:20
торт айдан кийин машинесинен таап атат кайсы жинди машинесинде торт ай салып журот ал буюмдарды бул бала потстава болгон Мирбек аны тушунуп турат
+4
bekmaral
2020-01-31 00:59:58
Кыскасы коррупция коррупция Жогорку жактагылар эзилип онолмоюнча булар да онолбойт.Бул коррупционерлерге сталиндей тартип керек.Акча алганын камаш керек.Турган ишинен акча жасап жатышат эшектер.
+1
katerina.li
2020-01-31 22:05:49
Уят,мирбек.
0
katerina.li
2020-01-31 22:07:05
Мирбек,уят сага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан