Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноо иши. Октябрь РИИБи шектүүнүн өндүрүш иши кандайча токтотулганын түшүндүрдү

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган жарандын өндүрүш иши токтотулган. Бүгүн, 31-январда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан бул окуя боюнча маалымат беришти.

"2019-жылдын 6-май күнү Октябрь РИИБине 1961-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 6-майга караган түнү болжол менен саат 01:45 чамасында белгисиз бет кап кийген жарандар турак үйгө ууруга кирип, күч колдонуу менен жабырлануучунун колу-бутун байлап, тапанча менен коркутуп 60 миң доллар акча жана зер буюмдарын алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында, Октябрь РИИБинин криминалдык милиция кызматы Ысык-Көл облусунун аймагынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Б.М. аттуу жаранды кармашкан. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилип, Октябрь райондук соту СИЗО-1ге эки айга камакка алган.

Сотко чейинки өндүрүштө Октябрь РИИБинин кызматкерлери Каракол шаарына келип, шектүүнүн Mitsubishi Carisma унаасынын багажынан баштык табышкан. Анын ичинен зер буюмдар табылып, тергөөдө жабырлануучу тарап алынган зер буюмдарды тааныган.

2019-жылдын 4-сентябрь күнү Б.М.нын жактоочусу шектүү окуя болгон күнү Ысык-Көлдө үйлөнүү тойдо болгон күбөлөрдү суракка алуу өтүнүчүн келтирген. Жактоочунун өтүнүчү канааттандырылып, тергөө кызматы шектүү жарандын тааныштарын суракка алган. Октябрь РИИБи шектүүнүн апасынын билдирүүсүн кабыл алып, резонанс жараткан бул иш оор кылмаштырдын бирине кирерин билдирип, тергөө кызматы дыкат иликтешүүдө.

Белгилей кетсек, ар бир адам мыйзамда каралган тартипте өзүнүн күнөөсү далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирмейинче күнөөлүү деп эсептелбейт. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 17-беренесине ылайык, айыптуулук жараткан ар кандай шек саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленгени менен, айыптоо өкүмү божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.

17-беренеде "Эгерде эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же эгерде башка мамлекеттин аймагында жасалган кылмыш Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына тийбесе, башка мамлекеттин аймагында адамдын кылмыш жасоосунун жазык-укуктук кесепеттери ушул эле адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинин маселесин чечүү үчүн жазык-укуктук мааниге ээ болбойт" деп жазылган.

Азыркы учурда тергөөдө Б.М.нын катыштыгы бар экендиги далилденген эмес, ошол себептен Б.М.га карата кылмыш өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми шектүү окуя болгон күнү Ысык-Көл облусунда досунун үйлөнүү тоюнда болгондугу тастыкталууда. Толук объективдүү тергөө үчүн видео-техникалык экспертиза үчүн чет өлкөгө жиберилет. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа берилет. Азыркы учурда бул ишке катыштыгы бар шектүүлөрдү аныктоо үчүн ыкчам тергөө жана издөө иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.

29-январда Мирбек Атабеков апасын сабап, зер буюмдарын алып, үйүн тоноп кетти деп кармалган кылмышка шектүүнү милиция бошотуп жибергенин айтып, SUPER.KG порталына кайрылган. Айтымында, милиция кызматкерлери шектүүнү негизсиз бошотуп жиберишкен жана буга чейин ал жалпыга маалымдоо каражаттарына тергөө иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн окуя тууралуу ооз ачпай келгенин айтып берген.


Ал эми
Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип жаткан Медет Бейшековдун апасы Жыпаркүл Иманкалиева анын уулу күнөөсүз кыйноого алынганын, тиешелүү тараптарга кайрыла турганын билдирген эле.

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноо иши. Октябрь РИИБи шектүүнүн өндүрүш иши токтотулганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
katerina.li
2020-01-31 18:36:42
Уят,Мирбек
-2
Aimani
2020-01-31 21:30:59
katerina.li,эмнеге уят? Апасын сабап, тоногондорду таап бергиле деп жатат. Таанымал болгон үчүн элдин көңүлү бурулуп бизге окшогондор көз салып отурабыз. Эч ким тааныбагандардын укугу корголбой эле калат. Милиция билет тиги бала күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин. Ал эмес болсо башкасын тапсын. Уурулар менен 60 000$ бөлүшүп, берки БМ дан акчасын алып ишти жаап коюшкан да. Аларга баары бир
+3
katerina.li
2020-01-31 23:40:57
Aimani,ал баланын тооолтура фото видеосу бар экенго Каракол до тойдо жургон,плюс ошол тойдогулар кубо. Анан Мирбек эжем тааныды деп бир айтты,карындашым тааныды деп эки айтты. Мен ууруну актаган жокмун. Просто бул баланын далили болсо деле,жок ушул болчу деп кантип айтышат
0
stal.ks
2020-01-31 20:53:18
шектуунун машинасынан зер буюмдар кайдан пайда болду?
+3
Adil18
2020-02-01 13:48:29
Шектелип жаткан адамдын жакындары тойдо болгон далилдерди интернетке эмнеге ушул кунго чейин чыгарбай келди?
Тергоочу эмне учун баарын убагында тергеген эмес?
Далилдерди аныктоосу керек болчу.Тергоочу эки тарапка тен зыян келтирип жатат.
+2
katerina.li
2020-02-01 14:40:18
Adil18,апасы ыйлап айтып берди элего,эч ким карабай жатат далилдерибизди дер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан