Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун ордуна Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри кызматына көрсөтүлдү. Анда депутат Кенжебек Бокоев азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Абылгазиев өкмөттүн отставкага кетүүсүнө убакыт келе электигин айтты.
SUPER.KG порталы "Депутат азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Сунушка кошуласызбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев буга чейин эле өкмөт отставкага кетиши керек деп айтып келгенин билдирди.
"Мыйзамдын негизинде өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш бекитет. Булар жол-жобосун таап алып, кадрларды бирден алмаштырып жатышат. Бул туура эмес. Ошол себептен өкмөттүн отставкасы тууралуу маселени мурда эле айтып келгем. Өкмөттүн курамынын өзгөрүшү үчүн эмес, экономикалык көрсөткүчтөр начар болгону үчүн өкмөт отставкага кетиши керек деп айткам", - дейт Масалиев.