Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген жаран бүгүн, 5-февраль күнү Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ноокен РИИБине кайрылган жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын жашы 20-25 чамасындагы бала коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгондугун билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ноокен районунун 2000-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү делген далил буюмдар табылган. Андан сырткары, жабырлануучу шектүүнү тааныгандыгы туурасында көрсөтмө берген. Бүгүн, 5-февраль күнү Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан шектүү 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Жалал-Абадда 10 жашар кызды мектептен баратканда коркутуп, күч колдонуп зордуктаганы тууралуу жазылган.