Жалал-Абадда 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген жаран кармалды

Жалал-Абад облусунда 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн учурда баш коргоо чарасы каралууда. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүүнүн үйүнөн жабырлануучу кыздын кийимдери табылган.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч нерсе айтылбай турганын билдирди.

28-январь күнү Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Н.Ы. аттуу аял кайрылган. Арызда ошол күнү саат 17:00 чамасында белгисиз 20-25 чамасындагы жаран анын кызын коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгонун билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2020-02-05 20:01:08
Мындай зордуктагандарга атууга Окум чыгарыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан