Бишкектин Ак-Ордо конушунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Кырсык кечээ, 11-февраль күнү саат 22:00 чамасында орун алганын патрулдук милициянын маалымат казматынан кабарлашты.
"Гагарин көчөсү менен чыгыш тарапка бара жаткан Ниссан Примера унаасы каршы тилкеде келе жаткан БМВ унаасы менен сүзүшкөн. Ниссан Примера унаасын 1989-жылы туулган Х.О. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Ниссан унаасынын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү (25-30 жаш чамасындагы аял) каза болду. Ал эми БМВ унаасы 2001-жылы туулган Н.Т. аттуу жарандын башкаруусунда болгон. Кырсыктан БМВ унаасынын айдоочусу жана 2001-жылы туулган жүргүнчүсү көз жумду. Мындан тышкары, дагы 2 жаран жаракат алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди", - деп билдирет маалымат катчы.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.