Вице-премьер Эркин Асрандиев өлкөдө азык-түлүк продуктуларынын камы жетиштүү жана жарандардын тынчсыздануусуна негиз жок экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-мартта коронавирус инфекциясынын өлкөдөгү экономикалык абалга тийгизген таасири маселелери боюнча жумушчу кеңешме өттү.
"Коронавирустун жайылышы менен дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биздин экономикага карата таасирине талдоо жүргүзүлүп жатат. Учурда азык-түлүк продуктуларынын суроо-талапты жабууга жетиштүү камы бар. Муну менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан азык-түлүк рынокторунда жана чекене соода түйүндөрүндө бааларга мониторинг жүргүзүлүүдө. Кытай менен чек аранын жабылышы тамак-аш коопсуздугуна таасир берген жок. Анткени бул өлкөдөн импорттоо ташылган азык-түлүк номенклатурасынын жалпы көлөмүнүн болгону 3 пайызды түзөт", - деди Эркин Асрандиев.
Вице-премьер өлкөлөрдүн ошондой эле ишкерлердин ортосундагы экономикалык байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Эл керектөөчү товарлар бизге негизинен Кытайдан ташылып келчү. Коронавирус инфекциясынын чыккандыгына байланыштуу көпчүлүк заводдор ишин токтоткон. Бирок учурда заводдордун жана фабрикалардын басымдуу бөлүгү ишин жандандырып, жакынкы арада өз продукцияларын экспортко чыгара баштайт. Азыркы күндө чийки заттардын жана фурнитуралардын запастарын биздин өндүрүүчүлөр менен эсептеп жатабыз. Мисалы, жеңил өнөр жай тармагында чийки сырьё эки айга жетет. Сырьё түгөнгөн учурда Кытайдан керектүү материалдарды ташуу жанданып калат", - дейт ал.
Эркин Асрандиев коронавирус эпидемиясынын чыккандыгына байланыштуу Кытайдан жүк ташууга Кыргыз Республикасы жана башка мамлекеттер тарабынан чектөө киргизилгенин белгиледи.
"Мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды ташууда коронавирустун кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу үчүн жүктөрдү көзөмөлдөө чаралары күчөтүлдү. Бул бардык түрдөгү анын ичинде темир жол аркылуу ташууларга тийиштүү. Темир жол унаалары аркылуу ташуулардын көлөмүнүн азаюусу, алды менен Кытайдын өзүндө ташуулар чектелгени менен шартталган. Бүгүнкү күнгө карата Кытайдын түндүгүндө Европа жана Борбор Азияга поезд аркылуу жүктөрдү жөнөтүү штаттык режимде калыбына келтирилди", - дейт вице-премьер.