Бишкектеги стационарлар ачылган күндөн тартып жалпы 83 миңдей жаран кайрылган

Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлар бир айдын ичинде дээрлик 83 миңдей кишиге жардам берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн суткада күндүзгү стационарларга 1 миң 773 жаран келип түшсө, алардын ичинен 1 миң 206 бейтап инфузиялык терапиядан өтүштү, 534 адам медициналык кеңеш алышты, 13 адам ооруканага жаткырылды. Ал эми 28-29-июлга караган түнү 268 адам түнкү стацонарларга кайрылган. Каза болгондор катталган жок.

Күндүзгү стационарлар ачылган күндөн 29-июлга чейин жалпы 75 миң 755 тургунду кабыл алса, түнкү стационарларда 7 миң 220 жаран кабыл алынган.

Күндүзгү 13 стационарларда 908 орун, түнкү үч медициналык жайда 265 орун даярдалган.

"Стационарларда Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери, адистер, медайымдар, санитарлар, ыктыярчылар иштеп жатышат", - деп билдиришти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан