Шайлоочулардын 2 пайыз добушун алган саясий партиялар шайлоо күрөөнүн эсебинен каржыланганы жатат. Мыйзамга ылайык, шайлоого катышуу үчүн партиялар 5 миллион сомдон турган шайлоо күрөөсүн беришет. Шайлоочулардын 5 пайыздык добушун алган партияларга күрөө кайтарылат, ал эми жогорудагы чектен өтпөй калгандардын күрөөсү бюджетке которулат. Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, дал ушул акчанын эсебинен шайлоочулардын 2 пайыз добушун алган саясий партиялар каржыланмакчы. Бул мыйзам долбоору комитеттен колдоо таап, палатага сунушталганы жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Саясий партияларды мамлекеттик казынадан каржылай турган мыйзам долбоору комитеттен колдоо таап, палатага сунушталганы жатат. Саясий партиялар бюджеттин эсебинен каржыланышы туурабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров бул мыйзам долбоору керек деген пикирин билдирди.
"Бул мыйзам долбоору саясий партиялар жөнүндөгү жаңы мыйзам. Учурда эски мыйзамды колдонуп жатабыз. Азыркы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери 21 жыл өтүптүр, моралдык жактан эскирди. Бул жерде мамлекеттик каржылоодон сырткары бир топ жакшы жактары бар. Саясий партиялардын сапаттуу, салмактуу болушуна шарт түзөт, каражаттарын ачык-айкын көрсөтүү сымал жакшы жактары бар.
2015-жылдагы парламенттик шайлоону ала турган болсок. Шайлоого 14 партия катышты. 6 партия 7 пайыздык босогодон өттү. 2 партия 5 пайыздык босогодон өтүп, 5 миллион сомдук күрөөсүн алышты. Кийинки партиялар 2 пайыздан өтүп, шайлоочулардын добушуна ээ болгон. 2 пайыз добуш алган партияларда мамлекеттик каржылоо болуш керек. Тилекке каршы, 5 пайыздык босогону да багындыра албай жеңилген партиянын күрөөсү БШКда калып кетип жатат. Мына ушул каражатты кайра саясий партияларга уюштуруу иштерин камсыз кылганга аз да болсо колдоо көрсөтүү шарт. Жалпы Кыргыз мамлекети боюнча 243 партия бар. Ошол 243 партияны каржылайт деген пикирлер айтылып жүрөт. Бул туура эмес. Шайлоочулардын 2 пайыз добушун камсыз кылган саясий партияларга каржылоо болушу керек деген ой айтылып жатат. Бул башка мамлекеттерде бар.
Талкуулар көргөзгөндөй, жаңы мыйзамдар керек. Келечекте сапаттуу, салмактуу партияларды түптөсөк, ал жыйынтыгында парламенттин курамын түптөйт, парламент өкмөттү түптөйт. Мындайча айтканда, бири-бирине байланышкан комплекстүү маселе. Ошондуктан бул мыйзам долбоору келечекте керек. Бул мыйзам кабыл алынса нормасы 2026-жылдан тартып иштейт", - дейт Бакиров.