Биз социалдык тармакта

Өзгөчө абал учурундагы уруксат кагазы эми электрондук түрдө берилип баштайт (видео, хронология)

Бүгүн, 29-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Ал өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Бишкек шаарынын коменданты.

2020-03-29 09:15:00

Ошондой эле комендант 1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда берилүүчү уруксат кагазы электрондук түрдө берилип башталарын билдирди.

"Биз форсмажор шартында иштеп жатабыз, жарандар бизди түшүнүшөт деп ойлойм. Ошондуктан бул жагдайды оңдойбуз. 1-2 күндүн ичинде уруксат кагаздары электрондук түрдө берилип баштайт", - деди ал.

2020-03-29 09:12:00

"Бишкек шаары боюнча сутка ичинде 67 протокол түзүлдү. Коомдук жайларда эч кандай кылмыш иши катталган жок. Саат 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алар 15 аял, 104 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран бар", - деп  билдирди Орозалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2020-03-29 10:02:13
Түндүк.кг??? Бөлүнүп башташканыбы же..
-1
zamir_kgz
2020-03-29 12:39:31
TIMON_BERKOWITZ,Бирдиктуу тундук системасы бар, замандан артта калбаныз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан