Биз социалдык тармакта

Түнү жааган кардан Нарын, Ысык-Көл облусунда электр энергиясы өчтү

Республиканын аймагында 9-апрелде жааган карга жана катуу шамалга байланыштуу Нарын жана Ысык-Көл облусунда электр энергиясы авариялык негизде өчтү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Чыгыш электр" ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, саат 11:20да "Ысык-Көл" подстанциясында электр энергиясы өчүп, бирок 2 саатка жетпей кайра күйгөн. Ал эми Нарын РЭСтен билдиришкендей, Нарын облусунун айрым гана аймактарында авариялык өчүрүү болуп, саат 15:00гө карата авариянын кесепеттерин жойгондон кийин берилген.

Энергетиктер жарыктын өчүрүлүшү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу экенин белгилеп өтүштү. Буга чейин ӨКМнын маалымат кызматы 8-апрелден 9-апрелге караган түнү өлкө аймагында кар жаай турганын эскертишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан