Биз социалдык тармакта

Коомдук ишмер Ташбоо Жумагуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Коомдук ишмер Ташбоо Жумагуловдун сөөгү бүгүн, 13-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Ташбоо Жумагулов узакка созулган оорудан кийин 6-апрелде 70 жаш курагында Москва шаарында ооруканада каза болгон.

Коомдук ишмер жана агартуучу Ташбоо Жумагулов 1950-жылы 16-январда Талас облусунун Жоон-Дөбө айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси кызматтарын аркалаган. Агартуу жана маданият тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенген. Жумагулов эмгеги үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган, бир катар жогорку окуу жайларынын ардактуу профессору болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан