Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүнүн аймагы Кытайдын жери болгон деген макала боюнча Кытайдын элчилиги билдирүү таратты

Бүгүн, 17-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн аймагы Кытайдын жери болгон деген макала боюнча Кытайдын Кыргыз мамлекетиндеги элчилиги билдирүү таратты.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кытайга карата терс мазмундагы бир катар басылмалар жарыялангандыгына байланыштуу элчилик билдирүү таратууну туура көрдү.

Кытай менен Кыргыз өлкөсү кылымдар бою ынтымактуу коңшулар болуп келишкен. Улуу Жибек жолу кытай жана кыргыз элдеринин достук мамилелеринин символу. Кытай Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. Азыркы учурда кыргыз жана кытай элдери коронавируска каршы күрөшүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Эки өлкөнүн лидерлери эпидемияга каршы биргелешип күрөшүүдө мындан аркы кызматташуу жана өз ара колдоо жөнүндө макулдашышты. Эпидемияга каршы күрөшүү эки элди жакындатат. Ушактар эки өлкөнүн миң жылдык достугуна тоскоол болбойт. Кытай-Кыргыз мамилелери, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мындан ары тереңдейт жана бекемделет", - деп жазылат маалыматта.

Кытайдын басылмалары Кыргыз өлкөсү жана Казакстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген макала жарыялашты. Макала Кытайдын "toutiao.com" аттуу белгилүү сайтына 11-апрелде жарыяланганын "Азаттык" жазып чыккан.

SUPER.KG порталы "Кытайдын белгилүү сайттарында Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын аймактары Кытайдын жери болгон деген мааниде макалалар жарыяланганы талкууга түшүп жатат. Казакстан Кытайга нааразычылык нота жибергени белгилүү болду. Кыргыз бийлиги, Тышкы иштер министрлиги да реакция кылышы керек беле?" деген собол салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nuri1988Elim2010
2020-04-17 16:12:28
Мына биздин чоң курсактар оозунарды ачып отура бергиле, же карыздын ордуна убадалар койдунарбы
+8
Alia82
2020-04-17 16:21:23
Макала жонундо эчтеке дебептир го, кайра нааразы болуп жазган биздин коментарийлерди айтып атат окшойт ушактар тоскоол болбойт деп, булар бир нерсени пландап атышат ХХХХХ кытайлар
+11
Nurik1988
2020-04-17 16:51:58
Биздикилер эшектин тушосун чече албайт былдырап , мындайды укканда пысып отуруп калдыда
+10
bema_bema
2020-04-17 18:08:16
Казактар кыйын озу,биздикилер чондор кытайга кул болгондон дагы качпайтго бул кетиште
+8
pyeon hwa
2020-04-17 23:54:41
а десе б дейт го бул
0
Zhoro
2020-04-18 00:13:08
Дух жетпеди ТИМ ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан