Социалдык тармактын колдонуучусу Асылбек Жоодонбеков ата-энелерге видео аркылуу кайрылды. Анда колдонуучу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол берген кишилер тууралуу сөз кылган.
Анда ал балага жана аялга кол көтөргөн кишилер алсыз, жолсуз, жашоого таарынган адамдар экенин айткан. Мындан улам ар бир ата-энеге өзүнүн үстүнөн иштеп, куру акыл-насаат айтуудан алыс болууга чакырган