Биз социалдык тармакта

Мамлекет жетекчилери Элмирбек Иманалиевди эскеришти

Мамлекет жетекчилери Элмирбек Иманалиевди эскеришти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учураганы айтылат. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актёр Иманалиев Элмирбек Калилович 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

"Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талант, анын жараткан обондору жалпы элибиздин жан дүйнөсүнө айланып, кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган. Ал манасчылык, дастанчылык өнөрдү туу тутуп, кыргыздын атактуу эпосторун, дастандарын жогорку чеберчилик менен аткарып келди. Элмирбек Иманалиев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында драматург С.Алтымышевдин "Токтогул" драмасында - башкы ролду ойноп, Токтогулдун жаркын образын жараткан.

Таланттуу акын, ак таңдай төкмө Элмирбек Иманалиев өмүрүнүн акыркы жылдары "Айтыш" коомдук фондунун устаты, "Төкмө келсе төр бошот" теле долбоорунун негиздөөчүсү, жаш акындардын өнөр устаты болуп келди.

Элмирбек Иманалиевге маданиятка кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамы ыйгарылган.

Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары Эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт.

Жакындарына, туугандарына, өнөр кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат эскерүүдө.

Сооронбай Жээнбеков, Дастанбек Жумабеков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Аида Исмаилова, Досалы Эсеналиев, Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Нурбек Тотонов, Асель Кодуранова, Азамат Жаманкулов жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kansuluu
2020-04-21 14:49:07
Аза күтүү күнү десе деле болмок.
+5
talaa11
2020-04-21 15:44:50
АЛЛАХЫМ кабырын нурдуу кылып бейишин берсин, Абдан чон жоготуу болду!!!
+2
talaa11
2020-04-21 16:08:03
Элдин дагы назары отуп кетти окшойт,элдин назары дагы жаман коз тийип кеткен окшойт Бейишин берсин АЛЛАХЫМ
+3
Farra16gsin
2020-04-21 18:08:28
Аиада бекен аты
0
Ka2sr1
2020-04-21 19:11:26
Тенирим жаткан жерин жай кылсын.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан