Биз социалдык тармакта

Вице-премьер Аида Исмаилова: "Коронавирус менен ооругандардын 25 пайызы медициналык кызматкерлер" (видео, хронология)

Бүгүн, 21-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйын берди.

2020-04-21 16:40:00

"Бүгүнкү күндө жалпы 35 миң 72 жарандан анализ алынып, толугу менен текшерүүдөн өттү. Оорулуулар менен байланышта болгон биринчи жана экинчи категориядагы жарандар аныкталып, алар көзөмөлгө алынды".

2020-04-21 16:30:00

"Жеке коргонуучу каражаттарды өндүрүп чыгаруу боюнча ата мекендик ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат", - деди вице-премьер.

2020-04-21 16:28:00
net.kg.tunduk расмий сайты иштеп баштады. Анда гуманитардык жардамдар тууралуу маалыматтар жана жетекчилерге кайрылуу жасаса болот.
2020-04-21 16:27:00

"Дарыгерлерге негизги акы толук берилет, кошумча акы төлөө депозиттин эсебинен бөлүнөт. Март айына медициналык кызматкерлерге негизги айлык акысы толук кандуу көлөмдө төлөндү. Атайын депозиттик эсепке түшкөн 129 миллион сомдон марттын 11 күнү үчүн кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн 38 миллион сом которулду. Алардын ичинен 20-апрелге карата 4 миң 598 кызматкерге кошумча төлөмдөр берилди".

2020-04-21 16:26:00

Апрель айы үчүн дарыгерлерге 132 миллион сом төлөнүп берилет.

2020-04-21 16:23:00

Аида Исмаилова: "Бишкек жана Ош шаарларында медициналык кызматкерлер көбүрөөк ооруга чалдыгып жатат. Андыктан дарыгерлерди өзүн коргоо чараларын так аткарууга чакырабыз. Алардын негизги эмгек акылары толук берилет".

2020-04-21 16:20:00

Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын 25 пайызы медициналык кызматкерлер. Алардын арасында дарыгерлер, орто жана кичи медперсоналдын кызматкерлери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Atas
2020-04-21 16:48:35
Вице,премьер, 1 зам , зам жардамчыларын кызматтан алып , буларды жоюш керек кыйратып иштей алышпайт
+1
Flowhive
2020-04-21 16:58:15
Ошол медициналык кызматкерлердин ооруп калышына 100 процент өкмөт күнөөлүү...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан