Февралда мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 2 миллиард 800 миллион сомдой каражат жумшалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик ички карызды тейлөөгө 1 миллиард 863 миллион 90 миң сом сарпталды. Ал эми мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө 934 миллион сом чыгымдалды.
29-февралга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 321 миллиард 738 миллион сомду түзөт.