Биз социалдык тармакта

Бишкекте милиция кызматкерлерин ашата сөгүп, СИЗО-1ге киргизилген кыз үй камагына чыкты

Бишкекте милиция кызматкерлеринин айтканына баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн кыздын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарган.

11-апрель күнү саат 17:30 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен бет кап тагынбай көчөдө жүргөн кызды кармашкан. Ага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, ал оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, милиция кызматкерлерине жүктөлгөн мыйзамдуу талаптарды аткарган эмес. Кыз коомдук тартипти бузуп, өзүн абдан агрессивдүү көрсөтүп, милиция кызматкерине каршы күч колдонуп, кол да көтөргөн. Мындан улам бул факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми коомдук тартипти бузган кыздын аты-жөнү такталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран экендиги аныкталган. Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, ал 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
make2
2020-04-21 22:35:56
Акчаң болсо калтаңда талтаңдада талтаңда!
+20
Samatalibei
2020-04-22 03:13:14
make2, туура акча чечип калдыго.

Кыргыз болуп төрөлдүм.
Кыргыз болуп өткүм келет.
Кыргызга кылып кыянат.
Кыздарын сотун кошуп соккүм келет!
+3
kanu
2020-04-21 22:47:20
Негизи 3,4 жылга кесип салыш кк болчу ошондо маданияттуу суйлогонду билип алмак досторун мн жургондо жалжанда а чон кишилердин жанында тартип света дегенди аябай тушунмок да
+9
Bars88
2020-04-21 22:53:19
Муну эмнеге кечирим суратышпады духтары жеткен эмес окшойт.Болбосо чекеден эле кечирим суратып атышты эле.Жанакы мэрдин эрке талтан шректин ургаачысын качан камашат экен
+16
Agayu
2020-04-21 23:20:12
Мына өзуңөр жол ачып бердиңер , Милициялар эми сазайыныңарды көрөсүңөр .Пака эл жазасын бериш керек деп атканда пайдаланып элге да Милиция ким экенин көрсөтүшүңөр керек болчу .
+10
bekbol2006
2020-04-21 23:23:56
Быйыл Кечиримдуулук жылыбы? Ал бутундой Кыргызды соккон
+8
portugalia
2020-04-21 23:28:33
Жоголсунчу ошого окшогондор.
+9
BKanietovna
2020-04-21 23:49:03
Ушинтип отурсак кантип мамлекет онугот бул да бир чондун кызы да . Мындайларды тоого кетирип кыргызча уйротуп келиш керек эле да
+6
bond02
2020-04-21 23:55:24
Милициянын аброю ушул элеби? Кыздары согуп жатса, эртен эркектери сабайт.
+7
Mintip-menu-suybo
2020-04-22 01:32:59
Эмнээээ...Бул жерде сот куноолу... Байкуш милициялар кармап алып барып берет, тигилер мулжуп туруп чыгарып коюшат...
+6
Ziregim
2020-04-22 02:16:26
Ал кыздын сизого киргени деле калп суроту деле чыкпадыго
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан