Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Мансурова мамлекеттик бийликтин бардык күчү коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалып жаткан учурда жалган маалымат таратпоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Премьер-министрдин кызматтан кетиши жана өкмөт башчынын кызмат ордуна талапкер тандалышы мүмкүн экендиги тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды таратпоого чакырабыз.
Учурда бардык мамлекеттик бийлик органдарынын күч аракеттери толугу менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган.
Буга окшогон ушак-айыңдар бирөөлөр аркылуу атайылап жасалып, акыркы күндөрдө жайылтылып жатат деп ойлойбуз.
Ошондуктан саясий чөйрөнү жана массалык маалымат каражаттарынын бардык болгон күч-кубатын мамлекеттик органдардын инфекцияга каршы күрөшүүсүнө жардам берүүгө багыттоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.
Кечээ, 20-апрелде өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев "премьер-министр отставкага кетти деген маалымат фейк" деп билдирген.