Биз социалдык тармакта

Жаратылыш кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында Нарын облусунда миңден ашуун көчөт отургузулду

Кырсыктарды болтурбоо жана алдын алуу максатында өкмөттүн өнүгүү программасынын Улуттук стратегиясында каралган “Жашыл долбоор” иш-чарасын жүзөгө ашыруу максатында Нарын облусуна 1 миң 500 даана көчөт отургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 21-апрель күнү ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгынын Жумгал райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгү тарабынан Жумгал районунун Байзак айыл аймагындагы эрозиясы бар кооптуу делген тилкеге 1 миң 500 даана теректин көчөттөрү отургузулган.

Жалпысынан Жумгал райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу тартылып, жергиликтүү тургундар көмөктөшкөн.

Айта кетсек, бул иш-чара республикабыздын аймагындагы кооптуу делген участкаларга ӨКМнын "Жашыл долбоорунун" алкагында жер кыртышын бекемдөө максатында жыл сайын көчөттөр тигилип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан