Биз социалдык тармакта

"Көңүлүм сүйгөн врач кыз". Элмирбек Иманалиевдин "Ыр перия" кечесинде жубайына арнап аткарган чыгармасы (видео, сүрөт)

Көп өнөрдүн ээси, эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин ар бир чыгармасын муюп уккан, жөн эле укпастан жашап да, жашып да укпаган жан болбосо керек. Кыргызда гана эмес боордош казак элинде өз орду бар акынды, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев кайсы бир мааракеде орустардын Иосиф Кобзону менен гана чакырып алып укканын замандаштары айтып жүргөнү бар.

Акындын эл алдына чыгып чер жаза ырдап, өз өнөрүн тартуулаган акыркы кечелеринин бири бул 2018-жылдын 23-февралында өткөн "Ыр перия" аталышындагы поэзия кечеси болгон.

Филармониянын кичи залында орун алган бул кечеге күбө болгусу келгендердин саны көп болгондуктан, залга батпай, кече бүткүчө тикесинен тик туруп көргөн адамдардын саны өтө арбын эле. Бул ыр кечеге кыргыздын "Ыр акеси" аталган Рамис Рыскулов баш болгон кыргыз маданиятынын дөө-шаалары келишкен. Келген коноктордон эле Элмирбек Иманалиевдин атак-даңкын, кадыр-баркын көрүүчүлөр байкаса керек.

Бул кечеде ак баракка тизилген ырларын бирде өзү окуп, бирде шакирттерине окутуп элдин черин жазышкан. Дал ушул кечеде көпчүлүк Элмирбек Иманалиев төкмөлүк, обончулук дүйнөсүндө гана эмес поэзия дүйнөсүндө да өзүн сууда жүргөн балыктай сезерин баамдашкан.

Бирок көнүп калган эл кайрадан эле эл уулун комуз толгоп, элге сиңип калган ырларын аткарып берүүнү суранып туруп алышкан. Анда ырчы дароо эле "Булбулун" сайрап ырдап, андан соң көпчүлүк буга чейин уга элек жубайына арнаган "Врач кыз" аттуу чыгармасын аткарган.

Кеченин аягында көрүүчүлөр акынга ыраазы болуп, токтобой шатырата кол чаап, алкыш айтып көтөрүңкү маанайда тараган. Анда калың эл бул акындын акыркы кечелеринин бири экенин кайдан билди...

Элмирбек Иманалиев "Булбулум"
Элмирбек Иманалиев "Врач кыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ALATOOLUK.JIGIT
2020-04-22 09:16:49
Алп эле.
+6
pero5184
2020-04-22 11:56:16
Абдан таланттуу ,сулуу да болгон экен
+9
nurda00
2020-04-22 12:28:41
Ошончолук алп акындын концертин бир качественный кылып тартып койбогондорго наалат, супер инфодон деле сурадым интервью алып койгулачы маалымат берип койгулачы деп, эми олгондон кийин эскерип жазып не кыласынар? Адамды тируу кезинде тоотпой эми олгон сон данктап жазып баардык маалымат булактарына наалат(((((
+16
admin_portal
2020-04-22 14:05:38
nurda00, буга чейинки маектери, акын тууралуу макалалап толтура, карап көрүңүз.
+3
mela
2020-04-22 14:27:03
nurda00,бир гана супер-инфодо интервьюлары бар экен,бут баарын асык айткан.
0
Samatalibei
2020-04-22 13:13:26
Ак таңдай акын Элмирбек.
Эмгегиңди эл билет.
Тирүү кездее барктабай.
Кала бердик сениздеп.
Комуз калды энсиреп.
Кош бол акын Элмирбек.
+5
Dushabolna
2020-04-22 22:12:15
Негизи эле жаштардан эмес улуу муундардан да маек алыныздарчы. Мурда да айткан элем. Жаштар не дейт ал олкого бул олкого бардым. Жолдошум сюрприз кылды. Салон ачтым машина алдым. Мактаныш, корсотуш только. Тарбия бере турган улуу муундардан маек алыныздар сураныч. Жаштарга УлГУ болсун. Ансыз деле жаш ырчылар коп. Улуу муун тилекке каршы жылдан жылга суйулуп кетет :(
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан