"Биринчи бейтап каза болгондо сөөгүн жерге коюп келип ыйладык. Аябай оор болду". Ноокат аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси менен маек

22-апрелге карата Ош облусунун Ноокат районунда жалпы 112 адам коронавирус жуктурганы маалым болду. Алгачкы 3 бейтаптын өлүмү да дал ушул Ноокат районунан катталган. Бир айдан ашуун убакыт коронавирустун очогунда нөөмөт алмашпай күн-түн дебей сиз, бизге окшоп бут сунуп жайылып жата албай иштеп келаткан Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшат Мамажанов менен маек курдук. Ал SUPER.KG порталына абдан стресс абалда, моралдык, физикалык жактан чарчап иштеп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

- Саламатсызбы, Дилшат мырза? Сиздер иштеген Ноокат райондук аймактык ооруканага качантан баштап бейтаптар түшүп баштады?

- Саламатчылык. Алгач 19-мартта кичи ажылыктан келген 3 киши түштү. Алардын бири 20-апрель күнү чыгарылган 61 жаштагы аксакал. Кыргыз өлкөсү боюнча өтө оор абалга түшүп, дарыланып чыккан жалгыз ошол бейтап болду. Ал алгач жөтөлүп, дем алуусу начар абалда келген. Негизи сатурациянын (кандагы кычкылтектин өлчөмү) нормасы 96дан 100гө чейин болушу керек. Аксакалда 70-78ге чейин болчу. Өпкөсүнө кычкылтек жетпей, кычкылтек берген аппаратка уладык, бир аппарат эптей албай, кайра сатурация түшүп кетип жатты. Айла кеткенде 10 күндө 6 кычкылтек аппаратка коштук. Ошондо араң сатурация 85ке көтөрүлдү. Ошентсе да мээге кычкылтек жетпей кыйналып баштаганда суюк кычкылтекке коштук. Мүнөтүнө 30 литр кычкылтек берип отуруп, өпкөсүн ача баштадык. Эгер эки күн кечиккенде өпкөнү жасалма дем алдырууга өткөрмөкпүз. Ага жеткирбей, Кудайга шүгүр, абалдан чыгып кеттик.

Негизи коронавирус инфекциясы өпкөнү ылдыйдан баштап жеп баштайт экен. Бейтаптын 20 пайыз өпкөсү гана калган болчу, 80 пайызын жеп койгон. Рентгенге күндө тартып, өзгөрүүлөрдү көрүп жаттык. Башында өпкө аппак болуп, чекиттер эле көрүнчү. Кычкылтек менен камсыз болгондо өпкөдөгү ткандар кайра ачылат экен. Канча адамды дарылап келатабыз, биз ушуга ынандык. Кошумча күчтүү антибиотиктерди берип, буюрса, сакайтып ооруканадан чыгардык.

- Коронавирустун очогунда иштеген кызматкерлер 14 күн сайын алмашып иштешет экен. Сиз 1 айдан ашык иштеп жатам дедиңиз...

- Мен жугуштуу оорулар бөлүмдүн жетекчиси болгонум үчүн команданы таштагым келбей, өз каалоом менен иштеп жатам. 2 аптада бир жаңы топ келет, жаңы топ келсе, алар бөлүмдү, бейтаптардын оору тарыхын жакшы билишпейт, аларга коргонууну үйрөтүшүм керек. Айтор, бейтаптар менен баштан бери келе жатам, ошондуктан өзүм башынан аягына чейин калайын деп чечтим.

- Чечимиңиз мактоого арзыйт экен. Жумуш күнүңүздөр кандай режимде өтүүдө?

- Мен эртең менен коргонуучу кийимдерди кийип, саат 08:00дө текшерүүгө кирем да саат 14:00гө чейин жүрөм. Ар биринин абалы менен таанышам, Бишкектеги пульмонологдор менен онлайн байланышта болуп, аларга маалымат берем. Алар айткан боюнча дарылоо курсун жазабыз. Ошентип түштөн кийин реаниматолог, башка дарыгерлер менен нөөмөт алмашам. Кечки саат 21:00дө кайра текшерүүгө кирип, түнкү саат 00:00-01:00гө чейин бейтаптардын абалы менен таанышып, кайра ошого жараша дарылоо курсун жазып анан чыгып кетем. Анткен менен бейтаптарда ар кандай абал болуп калат, жасалма дем алдыруу аппаратына кошуш керек болгондо же дагы башка чукул абал жаралса чакырышат, жетип келем. Коронавирустун бир жаман жери жакшынакай жаткан адамды деле күтүлбөгөн жерден жыгып коёт. Кимдин кант диабети болсо, алардын канындагы канттын өлчөмү жогорулатып салат. Кант диабети жок адамдар деле келип, канындагы кант өлчөмү көтөрүлүп кеткенине күбө болуп жатабыз.

- Учурда ооруканада канча бейтап жатат? Абалдары кандай?

- Ноокат райондук аймактык ооруканасында азыр жалпы 18 бейтап бар. Алардын арасынан экөөнүн абалы оор, калгандары туруктуу. Биздин жугуштуу оорулар бөлүмү негизи оор жана өтө оор абалдагы бейтаптарды карайт. Биздикинен тышкары терапия, кардиология бөлүмдөрүндө инфекциянын жеңил жана орто түрү менен ооругандар жатат. Эгер кимдир бирөөнүн жүрөгү ооруса же аба жетпей кыйналып баштаса алдын алып, оор абалга түшүп калбашы үчүн дароо бизге которулат. Азыркы күндө ооруп түшкөндөргө караганда дарыланып чыккандардын саны көп. Кичи ажылыктан келгендердин баары чыгып, эми алар менен байланышта болгон туугандары, балдары келип жатышат.

- Коронавирустан каза болгондор алгач Ноокат районунда катталды. Ошол учур тууралуу айтып берсеңиз...

- Биринчи жолу бейтап каза болгондо катуу стресс болдум. Менин жашым 35те, бирок чачтарым кадимкидей бир айдын ичинде агарып кетти. Себеби атасы бул жакта жатса, балдары, аялы обсервацияда жаткан. Аларды да чыгарышпайт. Бейтап каза болгондо атайын чыгарылган 208-буйруктун негизинде өзүбүз өлүкканага барып хлор менен жууп, андан соң эң жакын саналуу гана адамдары менен биргеликте жерге бердик. Анын артынан дагы 2 кишини ошол шарт менен жерге койдук. Биз деле адамбыз да, аябай стресс болдук. Эркек болсок да биринчи сөөктү жерге коюп келгенден кийин балдар отуруп алып аябай ыйладык.

Негизи биринчи курамдагы медицина кызматкерлери баары кыйналышты. 3 бейтап каза болгондон кийин вирустун кантип алдын алуу керек, эмне кылуу керек үйрөнүп, учурда колубуздан келген аракетибизди кылып келе жатабыз. Бишкектен келген реаниматолог балдар "Коронавирус чын эле бар турбайбы? Силерге рахмат ушундай абалга чыдап иштеп жатканыңарга" дешти. Өзү оорукананын ичиндеги атмосфера аябай оор. Адам бир саатта чарчап калат.

Маркумдардын каза болгонун жакындарына угузуу да чоң стресс. Жетекчи катары өзүм баарына угузуп жаттым. Кабарды угуп, тополоң кылгандар болду, туура кабыл алгандар болду, жууп бергенден кийин ыраазы болгондору болду. Маркумдарды хлор менен жууп, элдин катарына эле жайга койдук.

- Бир айдан бери үйүңүзгө деле бара элек турбайсызбы?

- Ооба, 34 күндөн бери үйдүн бетин көрө элекмин. Мен учурда ажырашканмын, балким, ошол үчүн да иштөөгө жеңил болуп жатат. Эгер үй-бүлөм болсо качан эле чыдабай кетип калсам керек. Бирок кызым, балам бар, алар менен күндө сүйлөшүп турам. Апама акыркы кезде көп чалбай калдым (күлүп). Себеби чалсам эле ыйлап баштайт. Апама "Болду эми, мен коронавирус менен ооруп деле бүттүм окшойт. Коронавирусту жеңип анан келем, артка жол жок" деп айтып жатам.

- Учурда 3-курам менен иштеп жатыпсыз. Бир курамда канча медицина кызматкери бар? Жана эң оор учур кайсы болду?

- Бир командада санитардан баштап дарыгерге чейин жалпы 15-17 медицина кызматкери бар. Биринчи топтогулар моралдык жактан катуу чарчашты. Анткени коронавирус боюнча тажрыйба жок болчу, 14 күн дээрлик уктаган жокпуз. Чачыбыз тоскоол болгонунан баарыбыз чачыбызды алдырып салдык. Экинчи топто физикалык чарчоо болду. Ошол учурда бизде коронавирустун күчөгөн маалы болду окшойт. Адам аябай көп түшүп жатты. Азыркы 3-потокто болсо байланышта болгондор келип жатышат. Бирок бул учур да бизге оор. Анткени биз менен биринчи тайпада бейтаптарды дарылаган кесиптештерибиз оорукчан болуп келип жатышат. Арабызда жүргөн адамдар минтип ооруп калса, чынында коркосуң, стресс болосуң. Жаш балдар 3-4 күн катуу кыйналып, азыр Кудайга шүгүр, сакайып чыгышты. Учурда директордун орун басары, 61 жаштагы эже оор абалда жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Андан сырткары обсервацияда көзөмөл кылган дарыгер, аяш атам да коронавирус жуктурган. Аяш атамдын абалы күн санап начарлап, өпкөсүн вирус жеп жатат. Жакын адамдарың ушундай оор абалга түшсө өтө жаман экен...

Коронавируста иммунитет, жаш курак да чоң роль ойноп коёт экен. Мен мисалы, 34 күндөн бери тынбай иштеп келе жатам. Ушул убакка чейин 4 ирет тест тапшырдым, баарынан таза чыгып жатам.

- Жасалма дем алдыруу аппараты боюнча сөз кылып кеттиңиз. Негизи анын кооптуу жактары да көп экен го угушубузча...

- Туура, жасалма дем алдыруу аппаратына кошуу деген бул акыркы стадия дегенди билдирет. 50 пайыз аман калат же 50 пайыз көз жумат. Аппараттан чыгып кетүү дарыгерлердин жакшы көзөмөлүнөн жана организмдин күчтүүлүгүнөн көз каранды. Аман чыгып кетсе, биздин жеңишибиз болот. Анда кичине туура эмес кылып койсоң, адамдын тагдырын чечип коюшуң мүмкүн. Баары бири-бирине байланыштуу. Жадакалса санитардык кызматкерлердин да бул жакта орду чоң. Алар эс-учун жоготкон абалда жаткан бейтаптарды которуп турушат, астын, оозу, мурдундагы түтүктөрдү тазалайт. Оорулуулар менен түз контактта орто жана кичүү медицина кызматкерлери болот. Ошон үчүн алардан ооругандар көп.

- Коронавирус жок деп ооруга ишенбегендер дагы деле эл арасында бар экен. Аларга эмне демексиз?

- Биз деле оору тууралуу угуп, бизге келет дегенде сасык тумоо сыяктуу өтүп кетсе керек деп олуттуу кабыл алган эмеспиз. Биринчи өлүм катталганда анан баары башталды. Мен көп жолу интернет аркылуу элге коронавирус жаман илдет, абайлагыла деп кайрылдым. Сиз айткандай, мага ишенишпей, көп сындашты. Ишенбегендерге нервимди коротпоюн, андан көрө бейтаптардын жанын сактайын деп чечтим.

Атүгүл, оорулуулардын арасында да вируска ишенбегендер бар. Силер болбогон нерсени айтып жатасыңар деп бизди жаман көрүшөт. Коронавирус аныкталганын укканда мен ооруп калдым деп күлүп тамашалашышат. Изоляцияга киргизип койгондон кийин олуттуу оору экенин түшүнүп ыйлашат, коркушат, стресс болушат. Балким ошондон деле канындагы кант өлчөмү көтөрүлүп жаткандыр. Айтор, эл-журтка да айтарым, сак болуңуздар! Бул жомок эмес, бул чыныгы өлүмгө жеткирчү оору. Эч кимиңиздерге ооруканага түшүп, бул жактагы бейтаптардын катарына кошулуп калышыңыздарды каалабайм!

- Дилшат, ачык-айрым жана чын дилден маек куруп бергениңиз үчүн рахмат! Сиздей өз ишине берилген кесипкөй адистер көп болсун!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
akmanai
2020-04-22 18:50:49
Жакшы. Эмгегиниз учун алкыш сизге! Эмгегинер баалана турган жакшы кундор келе жатат буюрса!
+22
fora
2020-04-22 19:38:37
Аллахым куч кубат берсин
+13
serche
2020-04-22 19:41:51
Сизге ден соолук, ийгилик. Эч ким оорубасын, ылайым.
+13
bond0202
2020-04-22 19:50:48
кудайым силерге куч кубат берсин!
+12
-Sumitra-
2020-04-22 19:58:52
Мына ушуларды Азаматтар деш керек! Асамидин Марипов буларга буйрук берип отурат да.Откондо ошол кишини мактадынар эле.Чыныгы эмгек ушулардыкы! Таазим силерге! Аман-эсен баарын айыктырып,озунор да аман-соо уйунорго баргыла! Вирус олуп жок болсун!Ыйладык дегенин угуп,ыйлагым келди.
+16
pero5184
2020-04-22 21:59:59
Эмгегиңерге алкыш!!!
+10
nazira1989
2020-04-22 22:12:34
Мед айымдардын,деги эле медицина кызматкерлерине терен ыраазычылык билдирем,Аллах Таала ыраазы болсун сиздерден, кийип жургон форманы бул жактан коруп козумо жаш келип жатат,бар болгула.
+11
filis
2020-04-23 10:31:07
Тенирим колдосун. Азаматсын.
-12
Firdaus-Muslim
2020-04-23 11:01:23
Эмгегиңиздерге рахмат өмүр сакчылары бар болуңуздар, Кудайым өмүрүңүздөрдү узун кылсын.
+2
bond0202
2020-04-23 12:21:09
оору жок жалганды айтып элди алдап атышат дегендер окуп алсын ушул макаланы
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-23 14:44:04
Кудай жалгасын
+1
Rakyl12
2020-04-23 15:53:37
Бишкектен келгендер чын турбайбы дешти, тообо кылдым медиктер оздору аран ишенип жатса карапайым калк кайдан.
+5
Mister-X
2020-04-24 04:43:02
Ушундай жаштарды колдош керек.Бир айдан ашуун үйгө барбай иштеп жатса чыныгы эл уулу экенсиң!Алкыш сага!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан