Кош бойлуу келиндер, кичинекей балдар да бар: Оренбургда 500дөн ашык кыргыз чатырда жашап жатат

Орусия менен Казакстандын чек арасындагы Оренбург облусунда 500дөн ашык кыргыз чатырларда жашап жатат. Бул тууралуу казакстандык интернет колдонуучу Наталья Садыкова өзүн кыргыздын жана планетанын деми атаган Гүлзат Мамытбек менен биргеликте видеорепортаж даярдаган.

Ал видеого кыскача билдирүүсүн жазып өткөн.

"Оренбург облусунда 500дөн ашык Кыргыз жараны чатырларда жашап, жерде, суукта уктап жатышат. Колго тийген, эптеп тапкан азыгын жешет. Арасында жаш балдар жана кош бойлуу келиндер бар.

Бүгүн биз ал жерди видеого тартып, Касым-Жоомарт Токаевди аларга үйүнө жетип алууга жардам көрсөтүүгө чакырдык. Эл эмнеге Токаев жардам көрсөтүшү керек деп түшүнбөй жатат. Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда Казакстан жайгашса, бул оор абалга туш болгондор Казакстанды басып өтүшү керек да же учак менен учушу керек. Чек арачылар аларды Казакстандын аймагына киргизбей жатат, ал эми аба каттамдары болсо жүрбөйт. Ошондуктан казак бийлигинен 500дөй киши мекенине жетиши үчүн коридор түзүп бериши керек.

Токаев азыр ачарчылык кезде анын ата-агаларын кыргыздар сактап калганын эске алышы керек. Биз дайыма кыргыздарды колдогонбуз жана колдойбуз", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Оренбургда 500дөй Кыргыз чатырда жашап жатат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adoi
2020-05-19 23:23:59
Токаев эч нерсени чечпейт нуракеден сурагыла
+3
Stervashka
2020-05-20 03:34:14
Москвада кыйналган кыргыздарга жардам берип эле атышатко бири бирине. Торт беш балалуу уй булолорго тамак аш келип атат мен билгенден и озум дагы кордум. Чыдап жашап турса чатырда жатпай кыйынчылык деле корушпойт болчу. Сабыр эми башка айла жок, бул кундор да отот.Бирок мен ишим жабылып калды уйдомун кыйналып атам деген кыргыз коргон жокмун чындыгында. Же жолукпадыбы мага билбейм. Талаада калган кыргыздарды кордум кыйналган кетебиз деп жолго чыккан.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан