Биз социалдык тармакта

Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Төкмө акын Азамат Болгонбаев: "Мен сизге шакирт катары да, өкүл бала катары да ыраазымын" (фото)

Бүгүн, 22-апрель күнү кыргыздын чыгаан төкмө акыны, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Маркумдун шакирти, өкүл баласы Азамат Болгонбаев да устатын эскерип өттү.

"Кыргыз эли оор жоготууга учурады. Кечээ сүрөттөрүңүздү карап отурсам баарында күлүп түшүптүрсүз. Асмандагы күн сымал күлүп жашадыңыз. 2001-жылы сиз улуу өнөрдүн учугун улаган, мен такасыз эшилген бут кийимимди кийип, "Ош базарынан" алган жаман чапанымды жамынып алып сиз менен айтышкан айтышты бүгүн да эстеп отурам. Сиз Арстанбек, Токтогул, Тууганбай аталарыбыздын артынан кеттиңиз. Сизге өнөрдө шакирт да, турмушта өкүл бала да болдум. Устатым, замандашым, атам катары сизге ыраазымын! Кош болуңуз, атаке..." - деп сөзүн бүтүрдү Болгонбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Baihan07
2020-04-22 10:59:53
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
+11
Merch
2020-04-22 11:06:20
Арты кайырлуу болсун! Баарыбыз Аллага таандыкпыз, ага гана кайтабыз.
+13
sinej
2020-04-22 11:19:57
Кыргыздын нукура пайгамбары, шакирти, насаатчысы, кыргыздын жаны замандагы туу туткан инсаны. Еврейлердин, арабтардын пайгамбарлары бери жакта эле калат.
-8
ALATOOLUK.JIGIT
2020-04-22 12:16:09
sinej, пайгамбарга тен эмес болчу. Бирок сен экообуз сыяктуулардын миллионунан артык эле. Кош эми Эмике.
+12
Tymar
2020-04-22 12:22:42
Жаткан жерин жай кылсын тенирим.
-7
interpol
2020-04-22 13:25:25
Кош Ала-Тоо уулуң кетти түбөлүк сапарга!
+3
aida007
2020-04-22 16:25:01
Эх кандай киши эле козунон Нур жайнап турчу жаткан жери жаннаттан болсун аминь
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан