Былтыркы жылга салыштырмалуу дизель отунуна болгон баа арзан. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде онлайн маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
"Күйүүчү майлардын ичинен жазгы талаа иштерине көбүнчө дизель отуну иштетилет, 40 596 тонна керектелет. Анын 85 пайызы бар. Бүгүнкү күндө баасы өскөн жок. Кээ бир жерлерде баа төмөндөтүлүп жатат. Негизинен былтыркы жылга салыштырмалуу республика боюнча дизель отунунун баасы 41,5 сомдон 43 сомго чейин сакталып турат", - деди министр.