Бүгүнкү күндө айыл чарба азыктарын экспорттоо жана импорттоо токтогон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде онлайн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
"Өзбекстанга картошка сатуу фактылары да бар, бирок массалык түрдө эмес" деди министр.
Мындан тышкары министр апрелдеги сууктан улам өлкөнүн агрардык сектору дээрлик 301 миллион сом зыян тартканын билдирди.
"Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында 2020-жылдын 8-9-апрелинде жүргөн үшүк агрардык секторго олуттуу зыян келтирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, чыгашалар 301 миллион 433 миӊ сомду түздү", - деди ал.