Өкмөт "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоорунун алкагында ун жана буудай сатып алууга 800 миллион сом бөлгөнү айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде онлайн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 230 миллион сом пайдаланылды. 20-апрелге карата "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоорунун алкагында 1 миң 776 жаран жеңилдетилген насыя алды.