Жалал-Абад шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков билдирди.
"Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата шаардагы ар бир ардагерге 75 миң сомдон тапшырылды. Аны кечээ күнү шаар мэри Мураталы Тагаев ар биринен өзү кабар алып тапшырды. Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттен дагы ар бирине бирден кап ун, азык-түлүктөр берилди", - деп билдирди Азамат Жээнбеков.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 2 ардагери, 1 концлагердин туткуну жана оруктун 2 ардагери жашайт.