Биз социалдык тармакта

Түптө 11 жана 12 жаштагы кыздарга карата сексуалдык ыдык көрсөттү деген окуя. Өспүрүмдөрдүн апасын ата-энелик укугунан ажыратуу же чектөө маселеси каралууда

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 11 жана 12 жаштагы кыздарга 1978-жылы туулган жаран сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелип жатканы маалымдалган. Учурда кыздар жана алардын 2 бир тууганы үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Түп районунун Д.М. аттуу тургунунун үч кызы - 2008-жылы туулган Д.В., 2009-жылы туулган Д.Э., 2012-жылы тууган Д.Н. жана 2019-жылы туулган эркек баласы бар. Бул үй-бүлө Түп районунун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турат.

Кыздардын айтымында, апасынын жарандык жолдошу жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык ыдык көрсөткөн. Бүгүнкү күндө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 4 баланын бардыгы үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жайгаштырылды.

Башкармалыктын балдарга толук кандуу тарбиялоого шарттарды түзүү жөнүндөгү эскертүүлөрүнө карабастан, апасы балдары үчүн кооптуу кырдаал жараткандыгын эске алып, ата-энелик укугунан ажыратуу же чектөө маселеси каралып жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AksyKum
2020-04-23 14:38:11
Таанышы эмес эле ойношу экенда а.бети жок
+4
Sakubek
2020-04-23 15:22:04
Орустар экен
0
zamir_kgz
2020-04-23 19:29:36
Sakubek,Кыргыз Республикасынын жарандары! Сени камап салышат антип жазба экинчи?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан