Орусиядан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жолу 11 вагон – 760 тонна дан эгини алып келинди.
"Жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы 53 вагон буудай жеткирилет. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Орусиядагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди.
Өкмөт тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында сатып алынган буудайдын курамындагы белоктун көрсөткүчү жогору. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өлкөдө ун жана дан азыктарына болгон таңкыстык жок", - деп жазылат маалыматта.