Биз социалдык тармакта

ӨКМ: "Обсервацияда жаткандарды тамак-аш менен камсыз кылууда маселе жок"

Бүгүн, 23-апрелде Өкмөт үйүндөгү онлайн жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровго обсервацияда жаткандарды тамак-аш менен камсыз кылууда кандай маселелер жаралып жатканы боюнча суроо берилди.

Анын айтымында, бул боюнча маселе жок. "Обсервацияда жаткандарды жана ошол жакта иштеген аталган министрликтин, укук коргоо органынын кызматкерлерин, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу тапшырмасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн. 3 маал ысык тамак уюштурулуп жатат. Буга республикалык бюджеттен каражат өз убагында бөлүнүп берилген. Тамак-аш менен камсыз кылууда маселе жок", - дейт Аскаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Twin
2020-04-23 16:22:04
Чын эле акча болуп, баары жакшы деп Ойлоп жатсаныздар Бир текшерип койгулачы сураныч
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан