Быйылкы жылдын январь-март айлары аралыгында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 8 миллион 976 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3 миллион 934 миң 900 сом мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө жумшалды. Ал эми 5 миллион 41 миң 500 сом мамлекеттик ички карызды тейлөөгө которулду.
29-февралга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 321 миллиард 738 миллион сомду түзөт.