Биз социалдык тармакта

Таласта токойго барып эс алгандар кармалып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Талас шаарында токойго эс алууга чыккандар кармалып, эскертүү берилүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-апрелде рейд жүрүп, анда бир канча адам эскертүү алган.

"Сейил бак, стадион жана токойго эс алууга чыккандарга атайын иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Биринчи жолку катары аларга эскертүү берилип, үйлөрүнө таратылды. Учурда кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Рейдде ошондой эле токойдо эс алып отурган кыздар дагы кармалган. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан