Ош шаарында 23 жаштагы Кыдырбек Талантбек уулу изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 18-апрель күнү Төлөйкан айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
"Жашыл түстөгү баш кийим, күрөң түстөгү аскердик күрмө, спорттук шым жана кара бут кийим кийип жүргөн. Бою 174 сантиметр, арык дене түзүлүштө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кимде ким дайынсыз жоголгон жаранды көрүп, билген болсо төмөнкү телефон номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 03222 5-64-29; 0771 77 42 24.