Биз социалдык тармакта

"Ак көңүлдүүлүгүнө баа бердим". Географияны мыкты билген интернет жылдызы менен Бишкек шаарынын коменданты жолугушту

Географияны мыкты билгендиги менен интернет жылдызына айланган Кайрат мырзага Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жолукту. Бул тууралуу комендант билдирүү жасады.

Айтымында, шаар тургундарынын ыкчам жардамы менен Кайрат мырзага жолугууга мүмкүн болду.

"Алгач сиздердин колдооңуздарга ыраазычылык билдирем. Ушул оор күндөрдө бири-бирибизге жардам көрсөтүп туралы. Кайрат мырзанын ак көңүлдүүлүгүнө жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктөрдү биринчи кезекте жакындарына алып барып жана муктаж болгондор менен бөлүшөрүн айтты.

Кызматкерлер тарабынан Кайрат мырза суранган дарекке жеткирилди. Аты-жөнүн тастыктоочу документтерин алууга жардам беребиз", - деп жазылат билдирүүдө.

Комендант Алмазбек Орозалиев өзүнүн мындан бир нече саат мурда социалдык тармактагы баракчасына ал дагы мектепте окуп жүргөн мезгилде география сабагына өтө кызыкканын жазды. Ошондой эле ал ошол адамдын сүрөтүн жарыялап, ага жардам бергиси келип жаткандыгын кошумчалаган. Ал интернет колдонуучуларынан видеодогу адам кайсыл жакта жүргөнү тууралуу билдирүү таштап коюну суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Djumahmatov
2020-04-27 19:44:08
Колдоп колго албабыз деп айтты эле сураган жерине жеткирип коюуу менен токтогон турбайбы
+12
bond02
2020-04-27 21:16:09
Каныкейге жолуккун келбей эле турабы?
-3
Abdizhapar
2020-04-27 23:15:25
Ушул адамга жардам берип арактан арылтып керек болсо сразу диплом берип мектепке география мугалим кылып киргизип койсо да болот азыркы кызыл диплом менен буткондордон кучтуу го
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан