Биз социалдык тармакта

Кыргыз паспорттору эми Германияда жасалат

Кыргыз өлкөсүндө биометрикалык паспортко бланктарды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендерди германиялык "Mühlbauer ID Services GmbH" компаниясы утуп алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган компания өз кызматтары үчүн 655 миллион 645 миң сом сунуш кылган. Мекеме биометрикалык паспорт басып чыгарууга 973 миллион 123 миң 500 сом бөлүүгө даяр экенин билдирген.

Тендер ушул жылдын 26-февралында жарыяланып, арызды кабыл алуу 19-мартта аяктаган. Жыйынтыгы 27-апрелде чыкты.

"Mühlbauer ID Services GmbH" компаниясы жалпы жарандык паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерге 2018-жылы да катышкан. Анда литвалык "Гарсу Пасаулис" компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок 2019-жылы Жогорку Сот тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
rysik79
2020-04-28 08:17:46
Улуту деген графа созсуз болуш керек. Чиптен сырткары Кыргыз деп бажырайып жазылып турушу абзел го. Ушул унду жеткизсек болот бекен.
+38
nurbek11
2020-04-28 17:59:40
rysik79, бул загран паспорт даярдайт экен. Улуту деген графа айди карда эле болот.
0
nurali1989
2020-04-28 08:49:31
Паспорт менен акчаны оз олкобуздо чыгарса болбойт бекен ээ
-8
murat17
2020-04-28 10:25:36
nurali1989,керек болсо орустарын деле оз акчасын озу чыгарбайт атайын дуйнолук уйум уруксат берген олколор чыгарат сен айткандай болгондо баары эле озуно акча чыгарышып акчанын куну кетет
+7
Belek1710
2020-04-28 09:04:00
Жакшы, Азерлердин типографиясына караганда.
+4
murat17
2020-04-28 10:26:54
негизи окмотко кайрылуум жолду дагы ушул европалыктарга тапшыруу керек кытайды кордук элди алдайт жана чондор менен табакташ болот
+7
Shef87
2020-04-28 11:03:36
Улуту деген графаны кошкула
+9
Zhoro
2020-04-28 17:06:34
Казак тенгеси озбек суму кайдан чыгат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан