Бүгүнкү күндө Кочкор району боюнча жазгы талаа иштери өз нугунда жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде райондун акими Темирболот Абыкеев билдирди.
"РСК" жана "Айыл Банк" аркылуу дыйкандарга 10 пайыз менен жеңилдетилген насыя берилүүдө. Учурда 116 дыйкан насыя алып, айыл чарба иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле райондо көрктөндүрүү иштеринин алкагында 2 миң терек тигилет", - деди ал.