Табиятта жаман аба ырайы жок демекчи, ар бир көрүнүштүн өз кооздугу бар, болгону аны көрө билүү керек.
Кечээ, 28-апрелде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталып, жаан менен коштолду. Бул учурда түшкөн чагылгандын сүрөтүн Тимур Атеев өз объективине түшүргөнгө үлгүргөн.
Айта кетсек, Бишкек шаарында 1-майга чейин асманды ала булут каптап, мезгил-мезгили менен жаан жайт.